# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 723
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16430/edition/871925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтому (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94945

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры N 723 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бош кызмат орундары жөнүндө кулактандырууларды жарыялоонун расмий булагы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити эсептелсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
