# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 721
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16429/edition/1082326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу" токтому (13.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 721 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык) Ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
