# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 714 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 714 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 714
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16426/edition/1160972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 714 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (16.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94939

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-декабры N 714 Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды эсепке алууну уюштуруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелген: Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- кадрлык ишти жүргүзүүдө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алышсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
