# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 716
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16424/edition/486216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-декабры № 716 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин изилдөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "180" жана "600" деген цифралар ылайыгына жараша "290" жана "900" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".

2. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
