# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 710
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16418/edition/1280523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (28.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94929

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2013-жылдын 27-декабры № 710

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Китеп басып чыгаруу жана таркатуу тутумун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
