Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 25-декабры № 705 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык) Дипломатиялык кызматтын органдарынын ишин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 11 августа 2000 года №477 "О Полномочном представительстве Министерства иностранных дел Кыргызской Республики по югу Кыргызстана"Постановление · 11.08.2000 · № 477
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2019 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2006 · № 56 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 11 августа 2000 года №477 "О Полномочном представительстве Министерства иностранных дел Кыргызской Республики по югу Кыргызстана"Постановление · 11.08.2000 · № 477
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2006 · № 56 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.