Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-декабры № 699 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын "Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору" түзүмдүк бөлүнүшүнүн базасында юридикалык макамга ээ болгон Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун күнүмдүк башкаруу органы болуп саналаары жана өзгөчө, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу максатында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун маалыматтык ресурстарын жана функционалдык, аймактык чакан тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү үчүн арналгандыгы белгиленсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобонун жана бул токтомдон келип чыккан башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон