Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, „Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-декабры № 694 “Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
-“Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014 жылдын 6-марты № 3877-V "Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, "Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо"…Постановление · 06.03.2014 · № 3877-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3941-V "2013-жылдын 21-майындагы Бишкек шаарында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо»…Постановление · 09.04.2014 · № 3941-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3940-V ""2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо"…Постановление · 09.04.2014 · № 3940-V
Шилтеме берет (2)
- 2014-жылдын 25-январында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Талас шаарында суу менен жабдууну…Закон · 12.01.2015 · № 06
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон