# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 693 "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 693 "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 693
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16405/edition/485059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 693 "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (20.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94915

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-декабры № 693 "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- 2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз - Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд Өнүктүрүү Фондуна билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
