Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 „Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-августу № 440 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Кыргыз Республикасынын консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруучу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары:
- ушул Жобого ылайык мыйзамдаштырууга жатпаган;
- ушул Жобонун талаптарына ылайык таризделбеген;
- жеке өзү же тиешелүү мамлекеттин мыйзамдары менен белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде анын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү аркылуу сунушталбаган;
- коюлган колдор жана (же) басылган мөөрлөр мамлекеттик органдагы үлгүлөргө туура келбеген же мамлекеттик органдагы үлгүлөрдүн арасында жок болгон документтерди мыйзамдаштыруудан баш тартууга укуктуу.
Документтерди мыйзамдаштыруудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органынын жогору турган кызмат адамына даттанылышы мүмкүн. Документтерин мыйзамдаштыруудан баш тартылган адамга же уюмга, алардын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептери баяндалууга жана даттануунун тартиби түшүндүрүлүүгө тийиш. Даттануу канааттандырылбаган учурда, документтери мыйзамдаштырылуудан баш тартылган адам же уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдаштырууну ишке ашырган мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын чечимдерине соттук тартипте даттана алат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.02.2011 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон