# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 692
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94913>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16403/edition/1151261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94913.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94913

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-декабры № 692 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары;";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүнө

милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларындагы "Экономикалык иштин түрү" графасынын алтынчы сабы төмөнкү редакцияда берилсин: "Дордой" соода-базар комплексинин аймагында, Бишкек шаарынын калган аймагында";

- токтом, бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 токтомуна тиркеме

Букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын СТАВКАЛАРЫ

Экономикалык иштин түрү

Салыктык база

Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү) (сом менен)

Бишкек шаарында жайгашкан букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр:

Ставкаларды кабыл алуучу 1 пункт (касса)

- Жибек жолу пр., Курманжан Датка, Ахунбаев көчөлөрү, Тынчтык пр., Манас пр., Москва көчөсү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта

20000

- Бишкек шаарынын калган аймагында

15000

Эскертүү:

1. Бишкек шаарынын бул көчөлөр менен чектелген аймагында, бул көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр үчүн салыктын ставкасы колдонулат.

2. Республиканын башка калктуу конуштарында жайгашкан, букмекердик же тотализатордук кеңселер үчүн салыктын суммасын аныктоонун оңдоо киргизүүчү коэффициенттерин колдонууда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 351-беренесине ылайык оңдоо киргизүүчү коэффициенттер колдонулат.
