# Постановление Правительства КР от 20 декабря 2013 года № 691 "О делегировании полномочий Министерству финансов Кыргызской Республики по принятию нормативных правовых актов по бухгалтерскому учету и отчетности для бюджетных учреждений"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 691
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16399/edition/484309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 20 декабря 2013 года № 691 "О делегировании полномочий Министерству финансов Кыргызской Республики по принятию нормативных правовых актов по бухгалтерскому учету и отчетности для бюджетных учреждений" (20.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94900

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-декабры № 691 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка карата ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тутумун өркүндөтүү максатында, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсепти уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө коомдук сектор үчүн Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди министрликтин буйругу менен бекитсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
