# 2013-жылдын 19-декабры № 690 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2013-жылдын 19-декабры № 690 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 690
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16398/edition/616027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2013-жылдын 19-декабры № 690 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94899

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 редакциясына ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 690 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын чет мамлекеттер менен кызматташтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ

Өкмөттөр аралык комиссиянын аталышы

Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын премьер-министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу

- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссия

- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобу

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-герман жумушчу тобу

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика министри

Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри

Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри
