Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 „Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 февраля 2015 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О кыргызской части совместных межправительственных комиссий по сотрудничеству Кыргызской Республики с иностранными государствами в торгово-экономической, научно-технической и культурно-гуманитарной сферах" от 2 марта 2011 года № 92"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-02-12.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 690 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын чет мамлекеттер менен кызматташтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ
Өкмөттөр аралык комиссиянын аталышы
Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу
- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссия
- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын финансы министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобу
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-герман жумушчу тобу
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын финансы министри
Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын экономика министри
Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу
- Кыргыз Республикасынын финансы министри
Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри
Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу…Постановление · 02.03.2011 · № 92
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык…Постановление · 12.02.2015 · № 55
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу…Постановление · 02.03.2011 · № 92
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык…Постановление · 12.02.2015 · № 55