# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 686
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16395/edition/484235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94896

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 686 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май, июнь окуяларында, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык колдоо максатында "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайдан алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын Тизмесинин 3-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларынын кесепетинен ок тийүүнүн натыйжасында анча оор эмес жаракат жана мертинүү алган, 2011-жылдын 31-декабрына чейин соттук-медициналык экспертизадан өткөн, 2010-жылдын апрель айына чейин турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган жарандар;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
