Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 „Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 686 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май, июнь окуяларында, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык колдоо максатында "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайдан алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын Тизмесинин 3-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларынын кесепетинен ок тийүүнүн натыйжасында анча оор эмес жаракат жана мертинүү алган, 2011-жылдын 31-декабрына чейин соттук-медициналык экспертизадан өткөн, 2010-жылдын апрель айына чейин турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган жарандар;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз…Постановление · 04.05.2012 · № 275
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз…Постановление · 04.05.2012 · № 275
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөЗакон · 22.10.2012 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон