# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 683
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16392/edition/484343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94893

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставынын жоболорун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставында:

- 18-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
