# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16386/edition/923322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94886.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94886

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-декабры № 675 Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалына тийүүчү техногендик жана башка терс таасирди төмөндөтүү максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу ушул токтомдон келип чыккан жоболор жөнүндө Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Бул токтом ушул токтомдун 2-пунктунда аталган тараптарга кабарлама расмий жиберилген күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
