Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 687 «Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европалык инвестициялык банкка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3763-V "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын…Постановление · 16.01.2014 · № 3763-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3763-V "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын…Постановление · 16.01.2014 · № 3763-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январы № 3761-V "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын…Постановление · 16.01.2014 · № 3761-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январы № 3762-V "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын…Постановление · 16.01.2014 · № 3762-V
Шилтеме берет (3)
- 2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык…Закон · 04.02.2014 · № 26
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон