Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-декабры № 674 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-статья. Мыйзамдын максаты жана милдеттери Бул Мыйзамдын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул Мыйзамдын милдети тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатында социалдык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп эсептелет, атап айтканда:".
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Бул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдерди белгилейт. Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".
4. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.".
5. 7-статьянын 3-бөлүгүндөгү "мамлекеттер аралык" деген сөздөр "эл аралык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын он биринчи жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
7. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгерде юридикалык же жеке жак өзүнө таандык болгон, коом үчүн тарыхый, көркөмдүк же башка баалуулуктарга ээ болгон мүлккө карата зыян келтирүүчү мамиле кылса, мындай мүлктү коргоо милдеттерине кирген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менчик ээсине мүлккө карата мындай мамилени токтотуу жөнүндө эскертүү берет.".
9. 20-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурас комитети аркылуу эл аралык коомчулуктун жана башкалардын" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүнүштөрү аркылуу эл аралык коомчулуктун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 22-статьяда:
- 2-бөлүктөгү "ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүнүштөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "эл аралык ченемдердин" деген сөздөр "тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 32-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Суу каптап кетишине же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын жүргүзгөн же дың жерлерди өздөштүргөн, карьерлерди иштеткен же көтөрмөлөрдү курган уюмдар инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү баскычында ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок болушуна археологиялык текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Археологиялык текшерүү ушул статьяда аталган иштерди аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт. Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
12. 41-статьяда:
- үчүнчү абзацтагы "бүткүл Дүйнөлүк мурас комитети (ЮНЕСКО) менен" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүнүштөрү менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "мамлекеттер ортосундагы" деген сөздөр "эл аралык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 42-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-марты № 3907-V "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 13.03.2014 · № 3907-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4221-V ""Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 25.06.2014 · № 4221-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 4382-V ""Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 15.10.2014 · № 4382
Шилтеме берет (3)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон