Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө» Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 августа 2016 года № 440 "Об утверждении Положения о порядке проведения конкурса на предоставление юридическим лицам права ведения охотхозяйственной деятельности на определенных охотничьих угодьях Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-08-26.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн юридикалык жактарга аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартибин белгилейт.
2. Аңчылык жерлерге жер жана токой аймактары, тоо массивдери, суу мейкиндиктери жана саздар, аба мейкиндиктери кирет, жапайы аңчылык жаныбарлары үчүн жашоо чөйрөсү болуп саналып, аңчылык кылуу жана аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
3. Аңчылык жерлерге төмөнкүлөр кирбейт:
- мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарынын аймактары, биосфералык аймактардын борбордук зоналары;
- калктуу конуштардын жана шаарчалардын аймагынан сырткары 500 метр жана райондук борборлордон, шаарлардан 2 км аралыктагы аймактар;
- өнөр жайлык, чарбалык, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, аскердик жана жеке объекттердин аймактары жана алардан 500 метр аралыктагы аймактар;
- калк массалык эс алуучу, парктардын, дача участокторунун аймактары жана аларга канатташ 500 метр аралыктагы аймактар.
4. Республиканын мамлекеттик менчигиндеги аңчылык жерлерине Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы республикалык мамлекеттик орган ээлик кылат.
Аңчылык жерлери негизги жер пайдалануучудан жерлерди алып койбостон, 9 жылга аңчылык жүргүзүү үчүн конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде юридикалык жактарга пайдаланууга берилет.
5. Аңчылык жерлери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланууга берилген;
- пайдаланууга берилбеген (бош аңчылык жерлери).
6. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоочу республикалык мамлекеттик органы адистешкен аңчылыкты уюштуруу уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистерин тартуу менен (чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу процессинде) белгилүү бир чектердеги аңчылык жер участокторун аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн кийин юридикалык жактарга берүү үчүн бөлүшөт.
Аңчылык жерлеринин белгиленген участокторунун аянты экологиялык жагдайга, аңчылык чарбасын жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн кызыкчылык туудурган аңчылык жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн тизмесине жана алардын жашоо тыгыздыгына байланыштуу болот, анын ичинде аңчылык жерлердин участокторунун бүтүндөй аянттары төмөнкүдөн кем болууга тийиш эмес:
- 40 миң га - бул жерде тоо эчкиси негизги түр болуп саналат;
- 70 миң га - бул жерде аркар-кулжа негизги түр болуп саналат.
7. Аңчылык жерлердин чектерин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоочу республикалык мамлекеттик органы төмөнкүчө белгилейт:
- кургак жерде - рельефтин (суу бөлгүчтөрдүн) линиялары жана чөлкөмдө ачык көрүнгөн жана таанылган багыттар боюнча;
- дарыяларда (сууларда) - алардын ортосу боюнча же суунун башкы айрылышынын ортосу боюнча;
- көлмөлөрдө - аларга чыккан чектерди бириктирген түз линиялар боюнча же көлмөлөрдүн жээктери боюнча.
8. Республиканын аңчылык жерлери, аларды бөлүштүрүү жана картографиялык сүрөтү бар чек аралары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоочу республикалык мамлекеттик органы жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) аркылуу кызыкдар жактарга (аңчыларга жана башкаларга) жеткирет.
2. Аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү конкурсун өткөрүү тартиби
9. Конкурсту Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоочу республикалык мамлекеттик органы өткөрөт, ал конкурсту уюштуруучу (мындан ары - Конкурсту уюштуруучу) болуп саналат.
10. Конкурстук сунуштарды карап чыгуу, аларды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Конкурсту уюштуруучу конкурстук комиссияны түзөт жана конкурстук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамын бекитет.
Комиссия мүчөлөрүнүн саны так эмес сан болууга жана 7ден (жети) аз эмес адамдан туруп, бирок 11 (он бир) адамдан ашпоого тийиш. Конкурсту уюштуруучу Комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлер жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардан жазуу жүзүндө сурайт. Комиссиянын курамына бардык талапкерлер аныкталгандан кийин Конкурсту уюштуруучу өзүнүн чечими менен Комиссиянын курамын бекитет.
11. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Конкурсту уюштуруучунун (туруктуу негизде);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (туруктуу негизде);
- Конкурсту уюштуруучунун жана аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга алууга талапкерлердин - конкурска катышуучулардын (мындан ары - Катышуучу) кызыкчылыгын билдирбеген коммерциялык эмес уюмдун (туруктуу негизде);
- конкурска коюлуучу аңчылык жерлердин жайгашуусуна жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын;
- конкурска коюлган аңчылык жерлери жайгашкан жерге жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
Макулдашууну жүргүзүү үчүн Комиссиянын жыйналышына конкурска коюлган аңчылык жерлери жайгашкан жерге жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылат, алар Комиссиянын ишине добуш берүү укугусуз катышат.
12. Комиссиянын төрагасы жана катчысы Конкурсту уюштуруучунун өкүлдөрү болуп саналат. Төрага жокто, аны төраганын орун басары алмаштырат.
13. Комиссия мүчөлөрүнүн талапкерлери ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилигинин Конкурсту уюштуруучуга жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча конкурска чейинки 10 күн мурда Комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн.
Мында конкурсту өткөрүү учурунда Комиссиянын курамы өзгөрбөйт.
14. Комиссиянын бардык жыйындары каралып жаткан маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколдонот жана ага жыйналышка катышкан бардык Комиссия мүчөлөрү кол коет.
15. Комиссиянын жыйыны, эгерде ага Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде 2/3си катышса, Мыйзам ченемдүү деп табылат. Комиссиянын чечими катышып олтурган Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Конкурстук документтердин пакети
16. Конкурсту өткөрүүнүн алдында Конкурсту уюштуруучу лотторду түзөт жана конкурстук документтердин пакетин даярдайт.
17. Конкурс үчүн коюлуп жаткан аңчылык жерлери боюнча лоттор түзүлөт. Бир лотко аңчылык ресурстары менен көбүрөөк жана азыраак камсыз болгон бирден, экиден жана андан ашык аңчылык жерлери киргизилиши мүмкүн.
18. Конкурстук документтердин пакети төмөнкүдөй документтерди камтыйт:
- конкурска коюлган аңчылык жерлердин аймагында аңчылык чарбаны өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоору (бизнес-долбоор (ушул Жобонун 4-тиркемеси);
- аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга алууга талапкер - Катышуучунун - юридикалык аңчылык чарба чөйрөсүндөгү иш стажы жөнүндө маалыматтар (ушул Жобонун 5-тиркемеси);
- Катышуучуда аңчылык чарбасы чөйрөсүндө иштеп жаткан атайын билими бар адистердин болушу жөнүндө маалыматтар (ушул Жобонун 6-тиркемеси);
- аталыштарын көрсөтүү менен Катышуучуда аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн аңчылык кардондун/үйдүн/базанын жана башка материалдык-техникалык каражаттардын болушу жөнүндө маалыматтар (ушул Жобонун 7-тиркемеси).
19. Конкурстук документтер оңдоолорго жана булгоого жол берилбестен таризделет.
20. Бир эле Катышуучунун бир учурда бир нече лоттор боюнча конкурска катышуусуна жол берилет.
21. Катышуучу конкурска катышуу үчүн конкурстук документтердин пакетин жана ушул Жобонун 18 жана 22-пункттарына ылайык тизме боюнча кошумча документтерди тариздейт.
22. Конкурстук документтердин пакети менен бирге Катышуучу жөнүндө маалыматтар боюнча төмөнкүдөй кошумча документтер берилет:
- Уюштуруу келишиминин, Катышуучунун Уставынын (Жоболорунун) көчүрмөлөрү;
- Катышуучунун юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Катышуучуга салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери) ыйгарылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Катышуучуну статистикалык органдарда каттоону ырастаган документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылуу жана куш кармоо боюнча иш жүргүзүүгө берилген уруксаттаманын көчүрмөсү;
- салыктар боюнча карызы бар же жоктугу жөнүндө (турган жери боюнча) салык кызматынын маалымкаты;
- Социалдык фондго (турган жери боюнча) карызы бар же жоктугу жөнүндө маалымкат;
- конкурстук документтердин пакети үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
23. Катышуучу конкурстук документтердин пакетин комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн нускалардын санында тариздейт, алардын бир нускасы - түп нускада, калгандары Катышуучу күбөлөндүргөн көчүрмөлөрдө. Конкурстук документтердин пакети бирден нускада кичине конверттерге салынып чапталат, алар ушул Жобонун 22-пунктуна ылайык кошумча документтер менен бирге бир чоң конвертке салынат. Чоң конвертке чапталат жана конкурска катышуу өтүнмөсүнө тиркелип, Комиссиянын катчысына тапшырылат. Бардык конверттерде кандайдыр-бир таанымал белгилер, Катышуучу жөнүндө белгилер жана маалыматтар болууга тийиш эмес.
24. Конкурстун катышуучусунда конкурстук жана кошумча документтерде камтылган маалыматтардын документтүү ырастоосу болуп, конкурсту өткөрүүдө зарыл болсо Комиссиянын талабы боюнча берилүүгө тийиш.
4. Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү
25. Конкурстук процесс конкурсту өткөрүү жөнүндө ЖМКда жарыяланган күндөн тартып башталды деп табылат.
26. Конкурсту уюштуруучу конкурсту өткөрүү күнү, убактысы, орду, конкурсту өткөрүү тартиби жана өтүнмөлөрдү кабыл алуу орду жана мөөнөттөрү, конкурска коюлган аңчылык жерлери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен конкурсту өткөрүү боюнча кулактандырууну конкурсту өткөрүү күнүнө чейин кеминде 45 календарлык күн мурда (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча) Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын сайтына жана ЖМКга жайгаштырат.
27. Конкурстарга менчигинин түрүнө карабастан, конкурска катышуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды аткарган юридикалык жактар катыша алат.
28. Ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн, конкурска катышууну каалаган жактар, Конкурсту уюштуруучуга анын наркын күн мурда төлөп, конкурстук документтердин пакетин сатып алууга эркин формада жазуу жүзүндөгү өтүнмөнү берет. Конкурстук документтердин пакетинин наркын, аны даярдоо менен байланышкан чыгымдардын (канцеляриялык товарларга жана буюмдарга чыгымдар, оргтехниканы тейлөө) калькуляциясына ылайык конкурстук Комиссия белгилейт.
29. Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя ЖМКга жарыяланган жана Катышуучулар конкурска катышууга өтүнмө берген күндөн тартып башталат жана 30 календарлык күн өткөндөн кийин аяктайт.
30. Конкурстун катышуучусу катары каттоо үчүн, конкурска катышууну каалаган юридикалык жак (ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча) Комиссиянын катчысына конкурска катышуу үчүн документтердин чоң конверти тиркелген өтүнмөнү (ушул Жобонун 24-пунктуна ылайык) берүүгө тийиш.
31. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген өтүнмөлөрдү кабыл алат, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык документтерди кабыл алуу жөнүндө маалымдоону Катышуучуларга берет жана өтүнмөлөргө тиркелген, конкурстук документтерди камтыган, аларда кандайдыр-бир жазуулары жана белгилери болбогон чоң конверттерди мөөр басып бекитет. Катышуучулардан келип түшкөн документтер салынган чоң конверттер Комиссиянын катчысында сакталат.
32. Юридикалык жактын конкурска катышууга тиешелүү түрдө таризделбеген жана/же өз учурунда берилбеген өтүнмөсү четке кагылат. Тиешелүү түрдө таризделбегендигине байланыштуу четке кагылган өтүнмө кайра таризделинип жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кайрадан берилиши мүмкүн.
33. Конкурска катышууга белгиленген мөөнөттөн кеч берилген өтүнмөлөр кабыл алынбайт.
5. Конкурстук документтерди баалоо тартиби жана жеңүүчүнү аныктоо
34. Конверттерди ачууну жана Катышуучулардын конкурстук документтерин карап чыгууну Комиссия конкурстун Катышуучусунун катышуусунда, ал жокто да жүзөгө ашырат.
35. Комиссиянын төрагасы бир чоң конвертти алып, аны ачат жана Катышуучунун конкурстук документтери салынган кичине конверттерди Комиссия мүчөлөрүнө берет.
36. Катышуучунун конкурстук документтерин Комиссия мүчөлөрү карайт. Алар конкурстук документтердин бардыгын, туура таризделишин жана сунушталган маалыматтардын мазмунун текшерет.
37. Эгерде конкурстук документтер ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык шарттарга ылайык келсе жана ишенимдүү маалыматтарга ээ болсо, ал талаптарга жооп берет деп эсептелет.
38. Конкурстук документтерди карап чыгууда Комиссия мүчөлөрү Катышуучулардан сунушталган маалыматтардын документтик ырастоосун талап кылууга укуктуу.
39. Конкурсту уюштуруучу жана Комиссия мүчөлөрү сунуш кылынган жана колдонулуп жаткан маалыматтын купуялык принцибин сактоого милдеттүү.
40. Конкурстук документтерди жана анда берилген маалыматтарды талкуулоону, баллдык баалоону, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоону Комиссия Катышуучулардын катышуусуз жүргүзө алат.
41. Катышуучунун конкурстук документтери анын комплекттелиши жана туура толтурулушу, аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын мазмуну боюнча 10 баллдык шкала менен бааланат.
42. Катышуучунун конкурстук документтеринин мазмуну жана комплектүүлүгү ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык баллдык тутум боюнча бааланат, мында балл төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
- аңчылык жана аңчылык чарбасы чөйрөсүндөгү мурдагы ишинин узактыгы жана натыйжалуулугу, анын ичинде: 10 жылга чейин (бирок 5 жылдан кем эмес) - 2 баллга чейин, 10 жылдан 30 жылга чейин - 3 баллга чейин, 30 жылдан ашык - 5 баллга чейин;
- Катышуучуда аңчылык чарбасы жагында атайын билими бар, 1 жылдан аз иштеген адистердин болушу - 3 баллга чейин;
- Катышуучуда аңчылык ресурстарын жыл бою коргоо үчүн аңчылык кордону/үйү/базанын жана башка материалдык-техникалык каражаттарынын болушу - 10 баллга чейин:
43. Катышуучулардын конкурстук документтерин Комиссия мүчөлөрүнүн ар бири баалайт жана Катышуучулардын комиссия мүчөлөрүнүн ар биринен алган баллы катчы тарабынан суммаланат жана ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык протоколго киргизилет.
44. Катышуучулардын конкурстук документтерин карап чыгуунун натыйжасы болуп, алардын ар бирине белгиленген баллдын жыйынтык суммасы эсептелет, аны төрага жарыялайт.
45. Эгерде Катышуучулардын экөө жана андан ашыгы баллдын бирдей максималдуу суммасын алса аңчылык жана аңчылык чарбасы чөйрөсүндөгү мурдагы иш мезгилинин болушу, узактыгы жана натыйжалуулугу үчүн эң көп балл алган катышуучуга артыкчылык берилет, кайталап бирдей максималдуу балл алынса, Катышуучунун менчигинде (балансында) материалдык-техникалык каражаттардын жана аңчылык чарбасы чөйрөсүндөгү атайын билими бар квалификациялуу адистердин болгондугу үчүн көп балл алган катышуучуга артыкчылык берилет.
46. Баллдын максималдуу жыйынтык суммасын топтогон Катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталат, бул жөнүндө ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык Комиссиянын протоколу түзүлөт.
Андан соң конкурсту өткөрүү аяктады деп эсептелет.
47. Эгерде кандайдыр-бир лот боюнча бир гана Катышуучу катталган болсо, анда Катышуучу берген конкурстук документтер боюнча дооматтар жок болсо Катышуучу бул лот боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп табылат.
48. Эгерде кандайдыр-бир лот боюнча бир да Катышуучу катталбаса, бул лот боюнча конкурс өткөн жок деп эсептелет жана конкурска кайталап коюлат.
49. Катышуучулардын конкурстук документтеринин бир нускасы берилген өтүнмөлөр жана протокол менен бирге - Комиссияда, бири Конкурсту уюштуруучуда сакталат. Калган нускалар Катышуучуларга кайра кайтарылат.
50. Конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде Комиссиянын катчысы тарабынан ЖМКга жарыя берилет жана конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат конкурстун бардык Катышуучуларына, ошондой эле ушул Жобонун 56-пунктуна ылайык аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин конкурстун жеңүүчүсүнө бөлүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн конкурска коюлган аңчылык жерлери жайгашкан орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жөнөтүлөт.
51. Конкурстун катышуучулары комиссиянын чечими боюнча конкурстун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календарлык күндүн ичинде даттана алышат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун Катышуучуларынын даттанууларын Конкурсту уюштуруучу карабайт.
Комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
52. Сот конкурстун натыйжаларын жараксыз деп тапкан учурда, өткөрүлгөн конкурстун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин, 60 календарлык күндөн кечиктирилбестен кайталанган конкурс өткөрүлөт.
Жыйынтыгы соттун чечими боюнча жокко чыгарылган, кийинки конкурска кайрадан катышып жаткан мурдагы конкурстун Катышуучуларына конкурстук документтер акысыз берилет.
6. Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү
53. Конкурстук документтерди туура эмес тариздөө жана Катышуучу берген маалыматтардын анык эместигинин фактылары айкындалган учурда, Комиссия аны конкурстан четтетет.
54. Комиссия Катышуучуну төмөнкүдөй учурларда конкурска катышуудан четтете алат:
- Катышуучу конкурстук документтерди тиешелүү түрдө тариздебесе (белгиленген талаптарга ылайыксыздык);
- Катышуучунун салыктар жана Социалдык камсыздандыруу фондуна төлөмдөрү боюнча карызы бар болсо;
- эгерде Катышуучу менен түзүлгөн Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишим, анын шарттарын бузгандыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, белгиленген талаптарды сактабагандыгы үчүн мурда бузулса.
55. Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө Комиссиянын чечими катчы тарабынан ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык форма боюнча протоколдо чагылдырылат.
7. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүү, аткаруу жана бузуу
56. Конкурстун натыйжалары жөнүндө ЖМКга жарыяланган күндөн кийинки 15 календарлык күндүн ичинде конкурска коюлган аңчылык жерлери жайгашкан орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн көрсөтүлгөн аңчылык жерлерин конкурстун жеңүүчүсүнө (ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык) бөлүү жөнүндө чечим чыгарат жана аны аңчылык жана аңчылык чарба чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жөнөтөт.
57. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимин алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган 10 календарлык күндүн ичинде пайдаланууга бөлүнгөн аңчылык жерлеринде Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзөт (ушул Жобонун 12-тиркемесине ылайык).
Ыйгарым укуктуу орган менен Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак аңчылыкты пайдалануучу болуп саналат.
58. Конкурстун жеңүүчүсү Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда Келишим конкурстун натыйжалары боюнча андан кийинки орунду алган Катышуучу менен түзүлөт.
59. Аңчылык жерлердин белгилүү бир аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү укугун берүү үчүн аңчылыкты пайдалануучулардан акы алынбайт.
60. Аңчылыкты пайдалануучу Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарын сактабаса, келишим анын колдонулуш мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жактуу тартипте бузулушу мүмкүн.
61. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонулушу төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн:
- аңчылык жерлери башка мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган;
- аңчылык чарба ишин жүргүзгөн, юридикалык жак катары аңчылыкты пайдалануучу жоюлган;
- юридикалык жак (аңчылыкты пайдалануучу) аңчылык чарба ишин жүргүзүүдөн баш тарткан.
62. Келишим, аңчылыкты пайдалануучу Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө Келишимдин шарттарын (аңчылык жаныбарларын атайын пайдалангандыгы үчүн акыны, белгиленген мөөнөттөрдөн үч айдан ашык созуу менен өз убагында төлөбөө; аңчылыкты пайдалануучу тараптан браконьердик фактыларга эки жолудан ашуун жол берүү; Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийинки бир жылдын ичинде ички чарбалык аңчылыкты уюштуруунун, берилген аңчылык жерлерин пландаштыруу жана ылайыкташтыруу боюнча иштердин жана иш-чаралардын жоктугу; аңчылык жерлерин жана аңчылык ресурстарын коргоонун жоктугу; аңчылык чарба иш-чараларын жана башка келишимдин милдеттенмелерин жүргүзүү пландарын орундатпоо) аткарбаган учурда да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.
63. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин токтотулушу тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу орган тарабынан аңчылыкты пайдалануучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.
Аңчылыкты пайдалануучу менен Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин токтотулушу тууралуу маалымат, тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана Конкурсту уюштуруучуга жеткирилет.
64. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин токтотулушунан улам бошотулган аңчылык жерлер, бош аңчылык жерлер катары конкурска жалпы негиздерде коюлат.
65. Аңчылыкты пайдалануучуну аңчылык жерлеринен ажыратуу жана аны менен Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди токтотуу ошол аңчылыкты пайдалануучуну ал жол берген айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен, ошондой эле бардык финансылык карыздарды төлөөдөн бошотпойт.
66. Аңчылыкты пайдалануучу Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн, эгерде алар ал жеткис жагдайлардан (форс-мажор) улам аткарылбаса, жоопкерчилик тартпайт.
67. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бошогон аңчылык жерлерине конкурс Келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 60 календарлык күндөн мурда өткөрүлөт. Бул аңчылык жерлерине кийинки Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин арекети учурдагы Келишимдин колдонулушу аяктаган күндөн мурда башталбайт.
68. Аңчылыкты пайдалануучуга аңчылык жерлерин берүү жана аны менен Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү, берилген аңчылык жерлеринде анын аңчылык ресурстарын белгиленген тартипте пайдалануу укугун аныктайт. Аңчылыкты пайдалануучунун башка ресурстарын пайдалануу, алардын менчик ээлери же негизги пайдалануучулары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
69. Аңчылыкты пайдалануучунун берилген аңчылык жерлерин башка юридикалык жактардын пайдалануусуна берүүсүнө тыюу салынат.
70. Аңчылыкты пайдалануучу аңчылык жерлеринде өз ишин, аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылыкты пайдалануучуга пайдаланууга берилген, аңчылык жерлеринин чектеринде турган башка ресурстарды (жер, суу, токой, айыл чарба ресурстарын, жайыттарды жана башкаларды) пайдалануучулар менен бир учурда жүзөгө ашырат.
Башка ресурстарды пайдалануучулар, аңчылыкты пайдалануучулардан болбогондуктан, аңчылык ресурстарын тескөө жана аңчылык чарбасын жүргүзүү укугуна ээ болушпайт.
71. Аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык ресурстарын атайын пайдалануусу, берилген аңчылык жерлеринин чектеринде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү атайын уруксаттар боюнча акы акы төлөөнүн негизинде ишке ашырылат.
72. Аңчылыкты пайдалануучуга берилген аңчылык жерлеринде аң уулоо, мергенчилер (жеке жактар) тарабынан аңчылыкты пайдалануучу берүүчү жолдомолор жана атып алуу карточкалары боюнча ишке ашырылат.
8. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин сакталышын жана аткарылышын контролдоо
73. Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин сакталышын жана аткарылышын контролдоону ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
74. Жыл сайын ыйгарым укуктуу орган аңчылыкты пайдалануучулардын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусун текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча актылар (маалымкаттар) түзүлөт.
75. Аңчылыкты пайдалануучунун расмий маалыматтары (аталышы, банктык маалымдаректери, почта дареги, уюштуруучулардын тизмеси, жаңы жетекчини дайындоо) өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты аңчылыкты пайдалануучу аңчылыкты пайдалануучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ырасталган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу органга берет, алар Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимге тиркелет.
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана почта дареги өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат аңчылыкты пайдалануучуга жазуу жүзүндө жеткирилет жана Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимге тиркелет.
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Форма
Жарыя __________________________________________________________________ (Конкурсту уюштуруучу) Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүүгө конкурс жарыялайт:
| Катар № | Лоттордун номерлери | Жайгашкан региондор жана аңчылык жерлеринин участокторунун номерлери | Участоктордун аянты (миң га) |
Конкурска Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылуу жана куштарды кармоо боюнча ишке тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жактар катыша алат. Конкурстун катышуучулары төмөнкү даректен документтердин пакетин ала алат: _____________________________________________________________ (документтерди берүү жайы) _______________________________________________________________________ Телефон: ________________________________________________________. Арыз жана конкурстук документтер 20__-жылдын "__" ______________ чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: _______________________________________________________________________ Конкурс 20__-жылдын "__" __________________, саат _______, төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: _______________________________________________ (өткөрүү жайы)
Комиссиянын катчысы: _____________________________________________ (Аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
Форма
Конкурска катышууга өтүнмө
Кимге: ___________________________________________________________ (Конкурсту уюштуруучу) Кимден: __________________________________________________________ (Юридикалык жактын - Катышуучунун аталышы) төмөнкү аркылуу: ______________________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү) Юридикалык жактын жайгашкан жери (дареги): _______________________ _______________________________________________________________________ тел: ___________________________ факс: ________________________________ Өтүнмө берилген күн: _____________________________________________
Конкурска катышууга өтүнмө
Конкурс жөнүндө жарыяланган күн: _________________________________ Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери: _____________ _______________________________________________________________________ Бул өтүнмө менен Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүүгө конкурска катышууга өз ниетибизди билдиребиз. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо камтылган шарттар жана талаптар менен тааныштык, макулбуз жана сактоого милдеттенебиз.
Өзүбүз жөнүндө маалыматтарды билдиребиз:
Конкурстун Катышуучусунун атынан иш алып баруучу ыйгарым укуктуу адам: _________________________________________________________________ (Аты-жөнү, ээлеген кызмат орду)
___________________________ _____________________________________ (Жетекчинин колу) (Жетекчинин аты-жөнү)
МО
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси
Форма
Конкурска катышууга өтүнмөнү кабыл алуу жөнүндө МААЛЫМДОО
20__-жылдын "__" ______________
_________________________________________________________________, (Катышуучунун аталышы) _____________________________________________________________ аймагында (администрациялык бирдиктердин аталышы) аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүүгө Конкурска катышууга өтүнмө жана конкурстук документтер кабыл алынды. Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери: _____________ _______________________________________________________________________ Конкурсту өткөрүү жана конверттерди ачуу: 20__-жылдын "__" _________________________________________ саат _______________________, _______________________________________________________ дарегинде өтөт. (өткөрүү жайы)
Комиссиянын катчысы: _____________________________________________ (Аты-жөнү, колу)
Маалымдоону алдым: _______________________________________________ (Алуучунун аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси
Форма
Конкурстун катышуучусунун Аңчылык чарбасын өнүктүрүүсүнүн стратегиялык планы (мазмуну)
Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери: _____________ _______________________________________________________________________ Аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы конкурска коюлган аңчылык жерлериндеги аңчылык чарбасын пландуу жүргүзүү жана андан ары өнүктүрүү жөнүндө Катышуучунун түшүнүгүн камтыйт:
- аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн максаттары;
- аңчылык жаныбарларын жана алар байырлаган жерлерди сактоо маселелери, аңчылык жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн мониторинги;
- аймакты ылайыкташтыруу (аңчылык лагерлеринин, калыбына келтирүү участокторунун жайгашуу схемасы жана башкалар);
- кайтаруучу, биотехникалык жана калыбына келтирүү иш-чаралары;
- башкалар.
___________________________ _____________________________________ (Жетекчинин колу) (Жетекчинин аты-жөнү)
МО
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси
Форма
Конкурстун катышуучусунун аңчылык чарба чөйрөсүндөгү иш стажы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери ______________ _______________________________________________________________________
| Иш стажы (жылдар) | Эскертүү |
|---|---|
| 1 | 2 |
___________________________ _____________________________________ (Жетекчинин колу) (Жетекчинин аты-жөнү)
МО
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси
Форма
Конкурстун Катышуучусунун аңчылык чарбасы жаатындагы атайын билими бар адистеринин болушу жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери:______________ _______________________________________________________________________
| Ээлеген кызмат орду | Адистиги (билими жөнүндө документтин маалыматтары) | Иш стажы | Эскертүү |
|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 |
___________________________ _____________________________________ (Жетекчинин колу) (Жетекчинин аты-жөнү)
МО
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси
Форма
Конкурстун катышуучусунун аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн аңчылык кардонунун/үйүнүн/базасынын бардыгы жана башка материалдык-техникалык каражаттары жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Лоттордун жана аңчылык жер участокторунун номерлери:______________ _______________________________________________________________________
| Материалдык-техникалык каражаттардын аталыштары (аңчылык кардону/үйү/базасы, автотранспорт ж.б.) | Сатып алуу, куруу чыгаруу жылы | Саны | Эскертүү |
|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 |
___________________________ _____________________________________ (Жетекчинин колу) (Жетекчинин аты-жөнү)
МО
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 8-тиркемеси
Конкурстун катышуучусунун конкурстук документтерин кароонун жана баалоонун ПРОТОКОЛУ
Убактысы: 20__-жылдын, "__" _____________________ саат ___________ Орду: ____________________________________________________________ (дареги)
Күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү конкурсун өткөрүү, Катышуучулардын конкурстук документтерин кароо.
Конкурстук комиссиянын төрагасы жыйналышты 20__-жылдын "__" ______________ ________________________________________________________ (ЖМКнын аталышы) газетасына жарыяланган аңчылык чарба сын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү конкурсу жөнүндө маалымат берип чыгып сүйлөдү.
Катышкандар:
Конкурстук Комиссиянын төрагасы: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
Комиссиянын мүчөлөрү:
__________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) __________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) __________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) __________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу)
Комиссиянын катчысы: _____________________________________________ (аты-жөнү, колу)
Ошондой эле конкурстун Катышуучуларынын төмөнкү өкүлдөрү катышты:
1. _______________________________________________________________
(Катышуучунун аты-жөнү, аталышы)
2. _______________________________________________________________
(Катышуучунун аты-жөнү, аталышы)
3. _______________________________________________________________
(Катышуучунун аты-жөнү, аталышы)
Комиссия мүчөлөрү 20__-жылдын "__" _______________________________ ________________________________________ газетасына жарыяланган аңчылык (ЖМКнын аталышы) чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү конкурсунун Катышуучуларынын конкурстук документтерин карап чыкты. Конкурстук документтердин болушун жана таризделишин, сунуш кылынган маалыматтардын мазмунун карап чыгууда, талкуулоодо жана баалоодо төмөндө баяндалган натыйжалар алынды:
| Лоттордун жана участоктор- дун номерлери | Катышуучунун номери жана аталышы | Баалоонун көрсөткүчтөрүнүн аталышы | Баллдын суммасы | ||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ | 1 2 3 ж.б. | ||||||
| 2 ж.б. ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ ├───────────────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────────┤ | 1 2 3 ж.б. |
Конкурстук комиссиянын төрагасы: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын катчысы: __________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
_________________________________ (аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 9-тиркемеси
Конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча жыйынынын ПРОТОКОЛУ
Убактысы: саат ___________, 20__-жылдын, "__" ___________________. Орду: ____________________________________________________________ (дареги)
Конкурстук комиссиянын курамы: Комиссиянын төрагасы ____________________________________________, (аты-жөнү)
Комиссия мүчөлөрү: ______________________________________________, (аты-жөнү) ______________________________________________________________________, (аты-жөнү) аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүүгө Конкурстун катышуучуларынын конкурстук документтерин карап чыгып жана Катышуучулардын материалдарын баллдык баалоону жүргүзүп, Комиссия катышуучулар топтогон баллдын жыйынтык суммалары боюнча төмөндө баяндалган натыйжаларды белгиледи.
| Лоттордун жана участоктордун номерлери | Катышуучунун аталышы | Баллдын жыйынтык суммасы |
Алынган натыйжаларга байланыштуу, баллдын максималдуу жыйынтык суммаларынын негизинде комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- төмөндө көрсөтүлгөн юридикалык жактар конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылсын, аларга аңчылык жерлери бөлүнсүн жана Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлсүн:
№ ___________ лот боюнча (аңчылык жерлердин участоктору № ________ _________________________, - __________________________________________ (жеңүүчүнүн аталышы) № ___________ лот боюнча (аңчылык жерлердин участоктору № ________ _________________________, - __________________________________________ (жеңүүчүнүн аталышы) № ___________ лот боюнча (аңчылык жерлердин участоктору № ________ _________________________, - __________________________________________ (жеңүүчүнүн аталышы)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүсү: "Макул": _________________________________________________________ (добуш бергендердин саны) "Каршы": _________________________________________________________ (добуш бергендердин саны) "Калыс калды": ___________________________________________________ (добуш бергендердин саны)
Колтамгалар:
Конкурстук комиссиянын төрагасы: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын катчысы: __________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
_________________________________ (аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 10-тиркемеси
Конкурстук Комиссиянын Конкурстун катышуучусун четтетүү жөнүндө жыйынынын ПРОТОКОЛУ
Убактысы: саат ___________, 20__-жылдын, "__" ___________________. Орду: ____________________________________________________________ (дареги)
Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү конкурсуна катышууга конкурстук документтерди карап жана талкуулап чыгып, төмөндө көрсөтүлгөн Катышуучуларды конкурстан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алды.
| Лоттордун жана участкалардын номерлери | Катышуучунун номери | Негиз |
Конкурстук комиссиянын төрагасы: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын катчысы: __________________________________ (аты-жөнү, колу)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________ (аты-жөнү, колу)
_________________________________ (аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-тиркемеси
Форма
__________________________________________________________________ (жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аталышы)
Чечим (токтом, буйрук)
20__-жылдын "__" ______________ № _____________________________
Аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин _______________________________________________ (юридикалык жактын аталышы) пайдалануусуна бөлүү жөнүндө
"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20__-жылдын "__" _______________ № ______________ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого жана конкурстук комиссиянын 20__-жылдын "__" _____________ чечимине ылайык ____________________________________ (жергиликтүү мамлекеттик _________________________________________________________ токтом кылат: администрациянын аталышы)
1. Жерлерди негизги пайдалануучулардан алып койбостон ____________ ___________________________________________________ аймагында жайгашкан
(администрациялык бирдиктердин аталышы) жалпы аянты ____________________________________ миң га аңчылык жерлери аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн _______________________________________, (юридикалык жактын аталышы) Төмөнкү чектерде бөлүнсүн:
- түндүк: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- чыгыш: _________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- түштүк: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- батыш: _________________________________________________________ ______________________________________________________________________,
20__-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" _____________ чейин 9 жылдык мөөнөткө.
2. _______________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы) аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү коргоону, пайдаланууга берилген аңчылык жерлеринде аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон биотехникалык жана башка аңчылык чарба иш-чараларын аткарууга милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калыбына келтирилген участокторду түзүүдө, кайтаруу жана биотехникалык иш-чараларды жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү сунуш кылынсын.
4. Бул чечимдин (токтомдун) аткарылышын контролдоо _______________ _______________________________________________________________________
(мамлекеттик администрациянын түзүмдүк бирдигинин аталышы) жүктөлсүн.
Мамлекеттик администрациянын башчысы _____________________________ _______________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 12-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
20__-жылдын "__" _____________ __________________________ (Калктуу конуштун аталышы) __________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) Мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган деп аталган, _______________________ ______________________________________________________________ аркылуу, (жетекчинин кызмат орду, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары - Жобо) негизинде аракеттенген ________________________________________________ _______________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы) бир тараптан жана мындан ары Аңчылыкты пайдалануучу деп аталган, ______ ______________________________________________________________________, (жетекчинин кызмат орду, аты-жөнү) аркылуу _______________________________________ негизинде аракеттенген, (ченемдик документтин аталышы) экинчи тараптан, бирге Тараптар деп аталып, ушул Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди (мындан ары - Келишим) түздү.
1. Келишимдин предмети
1. Конкурстук комиссиянын 20__-жылдын "__" _____________ чечиминин жана __________________________________________________________________
(жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аталышы) 20__-жылдын "__" ______________ № ______________ чечиминин (токтомунун, буйругунун) негизинде ___________________________________________ менен (юридикалык жактын аталышы) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _________________________________________________________ карамагындагы (администрациялык бирдиктин аталышы) жалпы аянты ____________________ миң га, аймакта турган, берилген аңчылык жерлеринде ушул Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди түздү, чектери:
- түндүк: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- чыгыш: _________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- түштүк: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- батыш: _________________________________________________________ ______________________________________________________________________, 20__-жылдын "__" _________________ 20__-жылдын "__" __________________ чейинки мөөнөткө.
2. Келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери
2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоодо аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлерине көмөктөшүүгө;
- аңчылыкты пайдалануучулар Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарын сакташын текшерүүгө жана табылган укук бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын табылган бузуулары боюнча протоколдорду жана актыларды белгиленген тартипте түзүүгө жана жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн доо коюуга;
- аңчылыкты пайдалануучулар жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу боюнча иштердин жүрүшүнө жана чет өлкөлүк аңчылык турларын жүргүзүүгө катышууга;
- аңчылыкты пайдалануучулар кармаган аңчылык жаныбарларын эсепке алуунун параметрлерин белгилөөгө;
- жапайы жаныбарларды кармоого уруксат берүүгө, анын колдонулушун убактылуу токтотууга жана жоюуга;
- аңчылыкты пайдалануучулар биотехникалык, кайтаруу иш-чараларын, аңчылык ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу боюнча белгиленген отчетторду берүү тартибин жана мөөнөттөрүн сактабаган жана аңчылыктын өткөн сезону үчүн аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн акы төлөбөгөн учурда аңчылыктын алдындагы сезонунда жапайы жаныбарларды кармоого ушул аңчылыкты пайдалануучуларга квота бербөөгө;
- аңчылыкты пайдалануучулардан аңчылык чарбасын жүргүзүү боюнча маалымкаттарды, маалыматтарды, отчетторду суратууга жана кабыл алууга;
- аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын жана аңчылыкты пайдалануучулардын аңчылык чарбалык иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдагы пландарын макулдашууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ушул жобого ылайык Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө аңчылыкты пайдалануучу менен келишимди түзүүгө жана токтотууга.
3. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аңчылык ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү, биотехникалык иш-чараларды жана жапайы жаныбарлардын санын эсепке алууну жүргүзүү, аңчылык чарбасын туура жүргүзүү маселелеринде аңчылыкты пайдалануучуларга методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө;
- жапайы аңчылык жаныбарларын олжолоо мөөнөттөрүн жана лимиттерин/квоталарын өз учурунда белгилөөгө;
- аңчылык жерлеринде аңчылык ресурстарынын абалына баа берүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө.
4. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте аңчылык ресурстарын пайдаланууга;
- аңчылык ресурстарынын абалы начарлаган, кайрадан калыбына келүү кудурети төмөндөгөн жана жок болуу коркунучу пайда болгон учурда аларды пайдаланууну өз алдынча токтотууга, ошондой эле аңчылык жаныбарларына жана алар жашаган чөйрөгө тийгизүүчү терс таасирди четтетүү үчүн тез арада чара көрүүгө;
- уруксат берүүчү документте олжолоо жөнүндө белги коюлган учурдан тартып, мыйзамдуу тартипте олжолонгон аңчылык жаныбарларын жана башка аңчылык өнүмүн менчиктөөгө;
- жаратылышты пайдалануу жагынан бети ачылган укук бузуу фактылары боюнча белгиленген тартипте актыларды түзүүгө;
- негизги жер пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон инфратүзүм объекттерин түзүүгө жана курулуштарды курууга.
5. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү кайтарууга, аңчылык ресурстарын алар берилген максаттарда гана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык уруксат берилген ыкмалар жана аңчылык эрежелерин сактоо менен пайдаланууга;
- аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарууну сактоого;
- ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылуучу, аңчылык чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдагы пландарын түзүүгө жана аткарууга;
- аңчылык чарбасын жүргүзүүгө өзүнө укук берилген аңчылык жерлеринин (анын ичинде аңчылык участокторунун чектеринин схемалары тартылган) чектерин белгилөөнү жүргүзүүгө (түркүктөр, аншлагдар ж.б.);
- ички чарбалык аңчылыкты уюштурууну белгиленген тартипте жүргүзүүгө; аңчылык жаныбарларынын жашоосу жана кайрадан калыбына келиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында берилген аңчылык жерлеринин бир бөлүгүн (алардын жалпы аянтынын кеминде 10%ын), алардын жерлеринин чектерин сүрөттөп, аймактарды (акваторияларды) экспликациялоо жана аянттарды көрсөтүү менен калыбына келтирүүчү участокторго (тынч зоналар, эс алуу зоналары) бөлүүгө;
- берилген аңчылык жерлеринин чектеринде жапайы жаныбарлардын санын жыл сайын эсепке алууга жана алынган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды (эрежелер, лимиттер, ченемдер, мөөнөттөр ж.б.) сактоого;
- оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү жана жаратылыш кырсыктарынын учурунда жаныбарларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин оорусу табылган учурда бул жөнүндө тез арада ыйгарым укуктуу органга, ветеринариялык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга маалымдоого;
- берилген аңчылык жерлеринде "зыяндуу" жаныбарлардын (карышкырлардын, чөөлөрдүн, афган чыйырчыктарынын (майна), боз каргалардын жана сагызгандын) санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды ар жылдагы пландарга ылайык жүргүзүүгө;
- аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана аңчылык чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдагы пландарына ылайык биотехникалык, калыбына келтирүүчү жана кайтаруучу иш-чараларды (зарылчылык болгондо - негизги жер пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча) жүргүзүүгө;
- отчетторду белгиленген мөөнөттө белгиленген формалар боюнча тапшырууну камсыз кылууга жана өзүнүн иши жөнүндө жыйынды отчетторду ыйгарым укуктуу органга квартал сайын (отчеттук кварталдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин) берүүгө;
- 2-ТП формасы (аңчылык) боюнча статистикалык отчетту статистикалык органдарга жыл сайын берүүгө;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн белгиленген тартипте акы төлөөгө;
- аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылык жаныбарларын кайтаруу, пайдалануу жана калыбына келтирүү боюнча адчылыкты пайдалануучунун ишин (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык) текшерүүнү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча аракеттенген кызмат адамдарын тоскоолдуксуз киргизүүгө жана табылган эреже бузуулар боюнча көрсөтмөлөрдү өз учурунда аткарууга;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алар жашаган чөйрөгө аңчылыкты пайдалануучунун күнөөсүнөн улам келтирилген зыяндын ордун белгиленген тартипте толтурууга.
3. Келишимдин тараптарынын жоопкерчилиги
6. Ыйгарым укуктуу орган ушул Келишим негизсиз бузулганда жана ушул Келишимге ылайык жана белгиленген тартипте аңчылык жерлерин алган юридикалык жактын аңчылык чарбасын жүргүзүшүнө негизсиз тоскоолдук кылган башка учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Аңчылыкты пайдалануучу айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча мыйзамдарды бузууга өзү жол бергендиги жана Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Аңчылыкты пайдалануучунун күнөөсү боюнча аңчылык ресурстарына келтирилген зыяндын фактысы белгиленген учурда аңчылыкты пайдалануучу өзүнүн күнөөсүнөн улам жаныбарлар дүйнөсүнө жана алар жашаган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун белгиленген тартипте толтурууга тийиш.
9. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн аңчылыкты пайдалануучу белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен төлөмдөрдү өз учурунда төлөбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган аңчылыкты пайдалануучуга мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мөөнөтү өткөн суммадан күнүнө 0,5% өлчөмдө туумду эсептейт.
10. Эгерде Келишимдин шарттары ал жеткис жагдайлардан (форс-мажор) улам аткарылбаса, аңчылыкты пайдалануучу ал үчүн жоопкерчилик тартпайт.
11. Аңчылыкты пайдалануучунун ушул Келишимде каралган туумду төлөшү, аны квотадан ажыратуу аңчылыкты пайдалануучуну бүткүл карыздарын төлөөдөн, өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан жана табылган укук бузууларды жоюудан бошотпойт.
4. Келишимге өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана Келишимдин колдонулушун токтотуу
12. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө Келишим түзгөн Тараптардын өз ара макулдугу менен гана жол берилет.
13. Келишим түзүлгөн мөөнөт аяктаганда же ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ал өзүнүн колдонулушун дароо токтотот.
14. Келишимдин колдонулуш мөөнөтү аяктаганда же ал токтотулганда калыбына келтирүүгө, кайтарууга, көрктөндүрүүгө жана иштин башка түрлөрүнө келтирилген чыгымдар аңчылыкты пайдалануучуга төлөнүп берилбейт.
5. Келишимдин өзгөчө шарттары
15. Ушул Келишимден келип чыккан бардык талаштар жана бул Келишимде жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
16. Ушул Келишимдин тиркелген документтеринин пакети, анын ичинде төмөнкүлөр ажыралгыс бөлүгү болуп саналат:
- Конкурстук документтердин пакети жана ыйгарым укуктуу орган менен Келишим түзгөн Катышуучу юридикалык жак жөнүндө маалыматтар боюнча документтер;
- конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө Конкурстук комиссиянын жана аңчылык жерлерин берүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдеринин көчүрмөлөрү;
- берилген аңчылык жерлеринин курамына кирген, ар бир өз алдынча аңчылык жана калыбына келтирүү участокторунун паспорту (ушул Келишимдин 1-тиркемесине ылайык);
- берилген аңчылык жерлеринин же ар бир өз алдынча аңчылык жана калыбына келтирилген участоктун (бардык участоктордун, кордондордун чектери жана баруучу жолдору көрсөтүлгөн) топографиялык карта (масштабы 1:200000 же андан чоң), (ушул Келишимдин 2-тиркемесине ылайык).
17. Бул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт, алар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:
- ыйгарым укуктуу органга - 1 нуска;
- аңчылыкты пайдалануучуга - 1 нуска.
18. Бул Келишим ага Тараптар кол койгондон кийин күчүнө кирет, ал эми аңчылыкты пайдалануучу бул Келишимде көрсөтүлгөн аңчылык жерлеринин чектеринде аңчылык чарбасын жүргүзүү укугуна ээ болот.
Келишимге кол коюу
Келишимдин Тараптарынын реквизиттери жана колтамгалары:
| Ыйгарым укуктуу орган үчүн: _____ _________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын _________________________________ аталышы) _________________________________ _________________________________ (дареги, банктык маалым _________________________________ даректери) _________________________________ ____________ ___________________ колу аты-жөнү М.О. | Аңчылыкты пайдалануучу үчүн: _____ __________________________________ (аңчылыкты пайдалануучунун __________________________________ аталышы) __________________________________ __________________________________ (дареги, банктык маалым __________________________________ даректери) __________________________________ ____________ ____________________ колу аты-жөнү М.О. |
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө типтүү келишимдин 1-тиркемеси
__________________________________________________________________ (Юридикалык жактын (аңчылыкты пайдалануучунун) аталышы)
Аңчылык чарбасынын (аңчылык участогунун/калыбына келтирүү участогунун) ПАСПОРТУ
__________________________________________________________________ (аңчылык чарбасынын (аңчылык участогунун/калыбына _______________________________________________________________________ келтирүү участогунун) аталышы) Аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлери ___________________ _______________________________________________________________________ (аңчылыкты пайдалануучунун аталышы жана дареги) конкурстук комиссиянын 20__-жылдын "__" _____________________ чечиминин жана Аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө_________ _______________________________________________________________________ (жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аталышы) 20-__жылдын "__" ____________ № _____________ токтомунун негизинде, берилген аңчылык жерлеринде 20__-жылдын "__" ____________ тартып 20__-жылдын "__" _____________ чейинки мөөнөткө түзүлдү.
1. Аңчылык чарбасы (аңчылык участогу) ____________________________ ______________________________________________________ аймагында турат.
(администрациялык бирдиктин аталышы) Аңчылык чарбасынын (аңчылык участогунун) аянты __________________ миң гектарды түзөт, анын ичинде токойлор - ______________ миң га; айдоо аянттары - _____________ миң га; шалбаалар - ________________ миң га; суу - ______________ миң га; жайыттар _________________________ миң га. Аңчылык чарбасынын (аңчылык участогунун) чектери:
- түндүгү: _______________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- чыгышы: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- түштүгү: _______________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- батышы: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________.
Калыбына келтирүү участогунун (тынч зонанын) аянты ______ миң га., Калыбына келтирүү участогунун чектери:
- түндүгү: _______________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- чыгышы: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- түштүгү: _______________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- батышы: ________________________________________________________ ______________________________________________________________________.
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө типтүү келишимдин 2-тиркемеси
Аңчылык чарбасынын (аңчылык участкасынын) аңчылык жерлерин экспликациялоо жөнүндө МААЛЫМАТТАР
_________________________________________ (аңчылыкты пайдалануучунун аталышы)
| К а т а р N | Аңчылык чарбасынын (аңчылык участкасынын) аталышы/жылдар | Аңчылык чарба- ├────┬─────┬────┬─────┬─────┬─────┬────┬────┬───────┬───┬────┬──────┬──────┬──────┬────┬────┬──────┬────┤ булагы сынын (аңчы- лык участ- касынын жалпы аянты | Анын ичинде жерлердин типтери боюнча чөл | Маалымат жарым чөл | та- лаа | токой талаа | ийне жал- бы- рак- туу токой | жал- рак- туу токой | ара- лаш то- кой- лор | ба- дал- дар | сайлар- дагы өсүм- дүктөр | саз | шал- баа- лар | бөксө тоо чөлдө- рү | бөксө тоо талаа- лары | бөксө тоо шал- баала- ры | би- йик тоо шал- баа- лары | өтө би- йик шал- баа- лары | аска- зоолор | мөң- гү- лөр | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 16.12.2013 · № 673 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү…Постановление · 11.08.2016 · № 440 · Күчүн жоготкон