# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 673
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94876>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16378/edition/740110/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94876.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94876

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 16-декабры № 673 Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аңчылык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, аңчылык жерлерин берүү тартибин өркүндөтүү, бул чөйрөдө кызыкдар тараптардын укуктук мамилелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- бул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыл сайын бул токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
