# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 669
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16373/edition/730555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94871

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 16-декабры № 669 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишин камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:

- 1-тиркеменин мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси»;

- 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы»;

- 2-тиркеменин «сот бийлиги» бөлүмү:

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы»; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси;».

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдон келип чыккан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
