# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабры № 660 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабры № 660 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 660
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94860>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16365/edition/682172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94860.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабры № 660 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94860

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-декабры № 660 Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодексин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашырууну каалаган чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо жол-жобосун иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо аттестатынын үлгүсү.

2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарын жана уюмдарын аккредитациялоо жана иштөө тартиби жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтому менен бекитилген

Үлгү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо АТТЕСТАТЫ

Бул аттестат \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюмдун аталышы, юридикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын (же башка документтин) негизинде берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (чет өлкөлүк уюмдун турган жери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгүнун аталышы, юри- дикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүгө укук берилет. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Аттестаттын жарактуулук мөөнөтү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Аттестаттын жарактуулугу 20\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мөөнөткө узартылды. Аттестаттын жарактуулугу 20\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мөөнөткө узартылды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү, колу)

Реестрде катталган датасы 20\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_.
