# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 654
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16363/edition/479418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94856

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-декабры № 654 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
