# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-декабрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-декабрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 652
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16361/edition/609359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-декабрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94854

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-декабры № 652 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, сүт ишканаларынын жана сыноочу лабораториялардын өндүрүштүк инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенттин 51-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«51. Сүт жана аны кайра иштетүүнүн азыктары «Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык келген, керектөөчүлөргө арналган маалымат менен коштолууга тийиш.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 “Сүттүн жана кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомунун колдонулушу 2014-жылдын 7-июнуна чейин токтотулуп турсун.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
