Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 72 "О вопросах Министерства образования и науки Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 5 марта 2021 года № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 355 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы N 511, 2017-жылдын 15-августундагы № 481 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелер жөнүндө типтүү жободо:
бүткүл текст боюнча: ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр жана "КТБМА" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пункттагы "мындан ары - КТБМА" деген аббревиатура жана сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жободо ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерин аттестациялоо жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча: ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр жана "КТБМА" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-пункттагы "мындан ары - КТБМА" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- дипломдун, сертификаттын үлгүлөрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги" сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 5-сентябрындагы № 411 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 150 буйругу.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын…Положение · 02.06.2012 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы №560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 03.10.2008 · № 560 · Күчүн жоготкон
- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилгенПоложение · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2010 · № 86 · Күчүн жоготкон
- Положение о государственных стандартах начального профессионального образования (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 апреля 2003 года № 245)Положение · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566-токтомуПостановление · 06.12.2018 · № 566
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин…Постановление · 06.12.2018 · № 566 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.08.2017 · № 481 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 150 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 5-сентябрындагы № 411 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу)…Распоряжение · 28.04.2009 · № 150
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы №560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 03.10.2008 · № 560 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрели № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө Салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2010 · № 86 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 650 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун…Постановление · 02.12.2013 · № 650 · Күчүн жоготкон