# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1740/edition/755937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9485

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-майы № 257 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында:

- 2-пунктунун 6-пунктчасында:

"жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын; "ЭМСМ" аббревиатурасы "ЭМ" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- кыскартуулардын тизмесинин жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу планында: бүткүл тексти боюнча "ЭМСМ" аббревиатурасы "ЭМ" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- "Мөөнөтү" графасында:

1.1.3-пунктчасындагы "2012-ж., декабрь" деген цифралар жана сөз "2014-жылдын I кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.1.4-пунктчасындагы "2012-ж., март" деген цифралар жана сөз "2014-жылдын II-IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.1.4-пунктчасындагы "2012-ж., март" деген цифралар жана сөз "2014-жылдын II-IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.2.2-пунктчасындагы "2012-ж., октябрь-декабрь" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.3.1-пунктчасындагы "2012-ж., май" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын II кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.3.2-пунктчасындагы "2012-ж., сентябрь" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

1.3.3-пунктчасындагы "2012-ж., октябрь" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.3.4-пунктчасында:

"Аракеттер" графасындагы "эмгек акынын өлчөмүн аныктоодо дифференцияланган ыкма боюнча, материалдык сыйлоо боюнча чечимдерди" деген сөздөр "материалдык сыйлоонун өлчөмүн аныктоодо дифференцияланган ыкма боюнча чечимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Мөөнөтү" графасындагы "2012-ж., июль, 2012-ж., август, 2012-ж., сентябрь" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.4.1-пунктчасынын "Аракеттер" графасындагы "Көз карандысыз эмес" деген сөздөр алып салынсын;

- 1.4.2-пунктчасында:

"Аракеттер" графасы төмөнкү редакцияда берилсин: "Керектөөлөргө баа берүүнүн натыйжасы боюнча керектөөчүлөрдү эске алуу менен МСКнын бюджетин түзүү боюнча сарптоолордун жыйынды сметасынын долбооруна сунуштарды даярдоо жана киргизүү"; "Мөөнөтү" графасындагы "2012-ж., ноябрь" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын III кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.4.3-пунктчасынын "Мөөнөтү" графасындагы "2012-ж., апрель" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын III кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.6.2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

- "Мөөнөтү" графасында:

1.6.3-пунктчасындагы "2012-ж., июль, 2012-ж., сентябрь, 2012-ж., декабрь" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын I жарым жылдыгы" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

2.1.2-пунктчасындагы "2012-ж., август, 2012-ж., декабрь" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын II жана III кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.1.3-пунктчасындагы "2013-ж., апрель, 2013-ж., июнь" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын I кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.1.4-пунктчасындагы "2013-ж. июль-декабрь, андан ары дайыма" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын II кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.3.4-пунктчасындагы "2013-ж. январь-март" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.4.3-пунктчасындагы "2013-ж., январь" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.4.4-пунктчасындагы "2013-ж., январь-июнь" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

2.4.5-пунктчасындагы "2013-ж., июль-декабрь" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

3.1.2-пунктчасындагы "2012-ж., март-апрель" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын II кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

3.1.3-пунктчасындагы "2012-ж., декабрь" деген цифралар жана сөз "2013-жылдын III кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
