# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябры № 641"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябры № 641"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 641
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16351/edition/766770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябры № 641"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94840

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-ноябры № 641 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына кайра өзгөртүп түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
