# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16347/edition/939739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94836.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94836

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 25-ноябры № 637 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында: бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө жана сандык маанисинде «арбитраждык» деген сөз алынып салынсын;

- 2-пунктта:

биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: «2. Экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилген арыздардан, ошондой эле экономикалык жана административдик иштерди караган соттор тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн, мамлекеттик алым төмөнкү өлчөмдөрдө алынат:»; «з» жана «л» пунктчалары «соттор» деген сөзгө чейин «экономикалык жана административдик иштерди караган» деген сөздөр менен толукталсын; «и» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

и) экономикалык жана административдик иштерди караган соттордун аныктамаларынын, токтомдорунун чечимдеринин көчүрмөлөрүн жана иште катышып жаткан тараптардын жана башка адамдардын суранычы боюнча, экономикалык жана административдик иштерди караган соттор тарабынан берилген иштен башка документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн

эсептешүү көрсөткүчүнүн 1 пайызы жана андан сырткары ар бир бер үчүн – 1 сом

2.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 20-апрелиндеги № 175 «Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык сотунун маселелери» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 13-августундагы № 367 «Кыргыз Республикасынын керек-жарак коомдор Союзунун каттоо жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-февралындагы № 77 «Айыл чарба консультациялар Фондунун Уставы жана өнүгүү кызматтары жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-декабрындагы № 694 «Баткен областындагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын маселелери» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-апрелиндеги № 184 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-декабрындагы № 694 “Баткен областындагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын маселелери» жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий булакта жарыялан күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
