# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16345/edition/867796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому (08.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94832

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-ноябры № 633 «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468, 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин натыйжалуу күтүүнү камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 334 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында жайгашкан аянты 3,087 га жер участкасы менен мүлк комплекси катары мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин күтүү үчүн акча каражаттарын караштырсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилге кылсын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
