Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 624 "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналы, 2006-ж., № 36) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. Уставдык капиталды түзүүнүн жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, мүлктүн укуктук режими, ошондой эле башкаруу органдарынын ишинин өзгөчөлүктөрү, коммерциялык уюмдардын айрым түрлөрүнүн: банктардын, камсыздандыруу коомдорунун, биргелешкен ишканалардын жана башка чарбалык шериктиктердин жана коомдордун чарбалык ишин чектөөлөр бул Мыйзам менен катар башка Мыйзам актылары аркылуу жөнгө салынат.".
3. 3-статьяда:
1) 4-пунктта:
биринчи абзацтагы "Өкүлчүлүктүү" деген сөз "Мыйзам чыгаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "мыйзам актыларында" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн чарбалык шериктиктерге жана коомдорго жалпы негиздерде катышат.".
4. 4-статьяда:
1) 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
2) 12-пункттагы "мыйзам актылары" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. Чарбалык шериктиктерди жана коомдорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
5. 5-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасындагы, 8-статьянын 5-пунктундагы, 23-статьянын 1-пунктундагы, 37-статьянын 2, 3, 5 жана 6-пункттарындагы, 41-статьянын 5, 7-пункттарындагы "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 6-статьяда:
1) 2-пункттагы "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-пунктта:
биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын; экинчи абзацтагы "4 жана 5-пункттарында" деген цифралар жана сөздөр "4-пунктунда" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын.
7. 7-статьянын 4-пунктундагы "атайын мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-1-статьяда:
1) 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин шарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункттагы "мыйзамдарынын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9. 9-статьяда:
1) 1-пункттун 5-пунктчасындагы "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3) 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кредит берүүчүлөрдүн дооматтарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.".
4) 7-пункттагы "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10. 11-статьянын 2, 3, 5, 6 жана 7-пункттарындагы "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 18-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
12. 24-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасындагы "коомдун тиешелүү түрүнүн уставдык капиталынын эң төмөнкү өлчөмү жөнүндө ушул Мыйзамдын" деген сөздөр "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 25-статьянын 2-пункту "жөнүндө" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 26-статьянын 2, 3, 6, 7 жана 8-пункттарындагы "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "Граждандык кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 29-статья "тартиби" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 40-статьяда:
1) 2-пункттагы "(жана)" байламтасы алып салынсын;
2) 3-пункттагы "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 3915-V "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 13.03.2014 · № 3915-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-июнундагы № 4154-V ""Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 12.06.2014 · № 4154-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4017-V ""Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 30.04.2014 · № 4017-V
Шилтеме берет (3)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон