# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 622 "Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлгөн материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 622 "Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлгөн материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 622
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16336/edition/478552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 622 "Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлгөн материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (11.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94820

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 622 Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлгөн материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Топографиялык-геодезиялык материалдардын жашыруундугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын "Геодезия жана картография жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлген материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча Нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги 2013-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
