# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 615
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16330/edition/1228343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94812

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 615 Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген кийинки календардык жылга карата Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жыл сайын, 1-июлдан кеч эмес мөөнөттө, орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалардын жана уюмдардын маалыматтарын эске албастан, Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына берип туруу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
