# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16328/edition/1151252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94810

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 613 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349 жана 354-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- аталышы "ставкаларын" деген сөздөн кийин "(өлчөмдөрүн)" деген сөз менен толукталсын;

- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ставка" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "(өлчөм)" деген сөз менен толукталсын;

- 1-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү);

- жеке стоматологиялык клиникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү);

- жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү).";

- токтом тиркемеге ылайык редакцияда чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө, жеке стоматологиялык клиникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 токтомуна тиркеме

Чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги САЛЫКТЫН СТАВКАЛАРЫ (ӨЛЧӨМДӨРҮ)

Экономикалык иштин түрү

Салыктык база

Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү) (сом менен)

Чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундуу кресло

1500

Бишкек шаарынын аймагындагы чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү: - Жибек-Жолу пр., Курманжан Датка көч., Ахунбаев көч., Тынчтык пр., Манас көч., Москва көч. жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелгендер

1 орундуу кресло

1300

- Бишкек шаарынын калган аймактарындагылар

\-

1200

Эскертүү:

1. Бишкек шаарынын аталган көчөлөрү менен чектелген аймагында, бул көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө салыктын ставкасы (өлчөмү) колдонулат.

2. Республиканын башка калктуу конуштарында жайгашкан чач-тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн оңдоо киргизүүчү коэффициенттерди колдонууда салыктын 1500 сом өлчөмүндөгү ставкасы колдонулат.

Жеке стоматологиялык клиникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги САЛЫКТЫН СТАВКАЛАРЫ (ӨЛЧӨМДӨРҮ)

Экономикалык иштин түрү

Салыктык база

Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү) (сом менен)

Жеке стоматологиянын кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундуу кресло

5000

Бишкек шаарынын аймагындагы жеке стоматологиянын кызмат көрсөтүүлөрү: - Жибек-Жолу пр., Курманжан Датка көч., Ахунбаев көч., Тынчтык пр., Манас көч., Москва көч. жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелгендер

1 орундуу кресло

5000

- Бишкек шаарынын калган аймактарындагылар

4500

Эскертүү:

1. Бишкек шаарынын аталган көчөлөрү менен чектелген аймагында, бул көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан жеке стоматологиялык клиникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө салыктын ставкасы (өлчөмү) колдонулат.

2. Республиканын башка калктуу конуштарында жайгашкан жеке стоматологиялык клиникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн оңдоо киргизүүчү коэффициенттерди колдонууда салыктын 5000 сом өлчөмүндөгү ставкасы (өлчөмү) колдонулат.

Жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги САЛЫКТЫН СТАВКАЛАРЫ (ӨЛЧӨМДӨРҮ)

Экономикалык иштин түрү

Салыктык база

Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү) (сом менен)

Жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

Бир тараптуу, эки тараптуу такта

2200/4400

Бишкек шаарынын аймагындагы жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр: - Жибек-Жолу пр., Курманжан Датка көч., Ахунбаев көч., Тынчтык пр., Манас көч., Москва көч. жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелгендер

Бир тараптуу, эки тараптуу такта

2500/5000

- Бишкек шаарынын калган аймактарындагылар

2000/4000

Эскертүү:

1. Бишкек шаарынын аталган көчөлөрү менен чектелген аймагында, бул көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө салыктын ставкасы (өлчөмү) колдонулат.

2. Республиканын башка калктуу конуштарында жайгашкан жарнамалык такталарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн оңдоо киргизүүчү коэффициенттерди колдонууда салыктын 2200/4400 сом (бир тараптуу/эки тараптуу такта) өлчөмүндөгү ставкасы (өлчөмү) колдонулат.
