# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 "Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 "Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 609
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16325/edition/478099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 "Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" Мыйзамы (11.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94805

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 609 Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү, финансылык маалыматтардын сапатын жакшыртуу, чакан ишкердиктин субъекттерине финансылык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелери бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттерин, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген "Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 427 токтому;

- "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
