# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16323/edition/568839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94803

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-майы № 285 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Нарын облусундагы эркин экономикалык аймагы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы эркин экономикалык аймак жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 23-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-январындагы № 13 "Каракол эркин экономикалык аймагы ("Каракол" ЭЭА) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Каракол эркин экономикалык аймагы ("Каракол" ЭЭА) жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

- "ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-июнундагы № 357 "Маймак" эркин экономикалык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Маймак" эркин экономикалык аймагы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
