# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16318/edition/475598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (11.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94798

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 604 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин;

- 1-пункт "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин ", "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
