# КР 2013-жылдын 11-ноябры № 602 "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-ноябры № 602 "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 602
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16316/edition/644489/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-ноябры № 602 "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (14.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94795

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-майы № 290 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 602 Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу миссияларына Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сапаттуу тандоо жана жөнөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу Убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштурууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдар кызматкерлер жөнөтүлүп жаткан тиешелүү укук коргоо органдарынын бюджеттик каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган ар кандай булактардын эсебинен төлөнөөрү аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Убактылуу жобо 2014-жылдын 31-мартына чейин, бирок кабыл алынышы ушул токтомдун 3-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирүүчү убакыттан кечиктирилбестен колдонулаары белгиленсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
