Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 мая 2015 года № 290 "Об утверждении Положения об организации участия милицейского персонала в деятельности по поддержанию международного мира и безопасности за пределами Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-14.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-майы № 290 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 602 Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу миссияларына Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сапаттуу тандоо жана жөнөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу Убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштурууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдар кызматкерлер жөнөтүлүп жаткан тиешелүү укук коргоо органдарынын бюджеттик каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган ар кандай булактардын эсебинен төлөнөөрү аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Убактылуу жобо 2014-жылдын 31-мартына чейин, бирок кабыл алынышы ушул токтомдун 3-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирүүчү убакыттан кечиктирилбестен колдонулаары белгиленсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 290 "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын…Постановление · 14.05.2015 · № 290
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 602 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз…Положение · 11.11.2013 · № 602