# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 570
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16312/edition/1121244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94789

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-октябры № 570 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2017-жылдын 14-декабрындагы № 675, 2022-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза кызматын өркүндөтүү, кызматты социалдык факторлорго багыттоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 477 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
