# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16308/edition/471344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94785

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-октябры № 565 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин жогорку органдарынын жетекчилигинин ишин транспорттук камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

1) 4-пункттун үчүнчү абзацы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасына» деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
