КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 ноября 2021 года № 339 "О Фонде обязательного медицинского страхования при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-24.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-октябры № 562 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө” токтомуна шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо: 7-пунктта: -1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: «-милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу, алдын алуучу, медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө механизмдерин өркүндөтүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча сунуштарды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине киргизүү;»; -2-пунктчасынын төртүнчү абзацы «программаларды» деген сөздөн кийин «, иш-чараларды» деген сөз менен толукталсын; 17-пунктта «директор» деген сөз «төрага» деген сөз менен алмаштырылсын; 18-пунктта: «директору», «директорунун» деген сөздөр тиешелүү түрдө «төрагасы» жана «төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын түзүмүн бекитет, аны өзгөрүшү ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында төраганын кызматка дайындалышы ММК фондунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;»; төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: «- ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын штаттык ырааттамасын бекитет;»; төмөнкү мазмундагы 181-пункт менен толукталсын: «181. ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»; 19-пункттагы «директору» деген сөз «төрагасы» деген сөз менен алмаштырылсын; 20-пункттагы «директору», «директору тарабынан» деген сөздөр тиешелүү түрдө «төрагасы», «төрагасы тарабынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 21-пункттагы «директорунун» деген сөз «төрагасынын» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө "…Постановление · 24.12.2021 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 133 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр…Постановление · 05.03.2013 · № 109 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 токтому менен…Положение · 20.02.2012 · № 133 · Күчүн жоготкон