# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16304/edition/1099253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94779

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-октябры № 561 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген мыйзам долбоорлорун сунуштоого укуктуу болгон кызмат адамдарынын тизмесин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентинде:

5-пункт «Өкмөт тарабынан дайындалуучу» деген сөздөрдөн кийин «министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан турган» деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
