# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы № 87 “Граждандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы № 87 “Граждандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94773>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16298/edition/471029/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94773.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы № 87 “Граждандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (04.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94773

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-октябры № 555 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы № 87 “Граждандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аэропортторунда чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууда жана узатууда бирдей протоколдук тартипти колдонуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы № 87 “Граждандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: мамлекеттик тилдеги текстинде: аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “Граждандык” жана “нормативдик” деген сөздөр тиешелүү түрдө “Жарандык” жана “ченемдик” деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-пунктта: үчүнчү абзацтагы “нормалар” жана “процедуралар” деген сөздөр “ченемдер” жана “жол-жоболор” деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү жана бешинчи абзацтардагы “аэропортторунда жана” деген сөздөр “аэропортторунда,” деген сөзгө алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жана авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу жөнүндө жободо: мамлекеттик тилдеги текстинде: аталышындагы жана 1-пунктундагы “аэропортторунда жана” деген сөздөр “аэропортторунда,” деген сөзгө алмаштырылсын; бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “граждандык”, “нормаларга”, “процедураларга”, “нормативдик”, “структуралар”, “транспортту”, “полномочиелеринин”, “инструкциялар”, “фотографиясы”, “пропуск” жана “автотранспортуна” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жарандык”, “ченемдерге”, “жол-жоболорго”, “ченемдик”, “түзүмдөр”, “унааны”, “ыйгарым укуктарынын”, “нускамалар”, “фотосүрөтү”, “өткөрмө” жана “автоунаасына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 21-пунктта:

биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: “21. Атайын статусу бар адамдарды жана унааны контролдоочу аймакка өткөрүү төмөндөгүдөй эрежелер боюнча жүргүзүлөт:

- мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент башчыларынын деңгээлиндеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана уруксат берилет;”;

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “- бөлөк деңгээлдеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана, өз ара жактыруучулук принцибин эске алуу менен уруксат берилет;”; төртүнчү абзацта “үчүнчү” деген сөз “төртүнчү” деген сөз менен алмаштырылсын; жетинчи абзацта “толук текшерүүсүз жана” деген сөздөр “жүргүнчүлөрдү текшерүү жол-жобосунан кийин, бирок” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
