# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 554 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 554 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 554
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16297/edition/471000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 554 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (04.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94772

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-октябры № 554 “Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

-“Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору жана корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө польша тарапка билдирсин.

3-берене Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
