КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-октябры № 553 «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
1-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 400³-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы «туура эмес» деген сөздөн кийин «же толук эмес» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 415-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
«415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу Кызмат адамдарынын мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей коюусу - кызмат адамдарына беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү, - кызмат адамдарына беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын – мамлекеттик архивдерди толуктоонун булактарынын статистикалык отчеттуулукту бербөөсү - юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берүүдөн баш тартуу, - кызмат адамдарына он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Штатта мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишкананын, мекеменин архивинин иштөөсү үчүн жооптуу кызматкердин жоктугу - кызмат адамдарына эскертүү же жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке менчик түрдөгү уюмдун, ишкананын, мекеменин архивдери менен иштөөнү талаптагыдай эмес уюштуруу – кызмат адамына эскертүү же жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын, өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу – кызмат адамдарына эскертүү же жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү жана илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу, көктөмөлөрдүн тизмелерин түзүүнү) мөөнөттөрү сакталбаганда - кызмат адамдарына эскертүү же элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет. Менчиктин баардык түрүндөгү мекемелер, уюмдар жана ишканалар жоюлганда же кайра түзүлгөндө кызмат адамдары тарабынан архивдик документтерди укук мурасчысына же ал жок болсо жогору турган уюмдун архивине же тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүү боюнча чаралар көрүлбөсө - кызмат адамдарына элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын документтерди, анын ичинде, аудиовизуалдык документтерди белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге өткөрүп берүүдөн баш тартуусу- кызмат адамдарына эскертүү же жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү, юридикалык жакка эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнө тийиштүү документтер менен мыйзамсыз сатып алуу-сатуу же башка мыйзамга каршы бүтүмдөрдү түзүү,- жарандарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына эки жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет».
3. 416-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«жарандарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет».
4. 543-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- облустук мамлекеттик архивдердин жетекчилери жана алардын орун басарлары».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене. Өкмөт өз чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3760-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 16.01.2014 · № 3760-V
- КР Жогорку Кенеши 2014-жылдын 26-январы № 3848-V ""Кыргыз Республикасыныи Администрацнялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 26.02.2014 · № 3848-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 3896-V «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.03.2014 · № 3896-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.04.2014 · № 56 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон