Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча» ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чара | Ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруу- чулар | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Ченемдик укуктук акыларды Кыргыз Республикасы- нын муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык келтирүү ├─────────────────┼─────────┼─────────┼──────────────┤ | 1.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү 1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2013-жыл- дын II-III квартал- дары 2013-жыл- дын III кварталы | ФМ, МКК (макулда- шуу боюнча), Этностор агенттиги МКК (макулда- шуу боюнча), ФМ, ЭМЖМ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын типтүү түзүмүн Кыргыз Республикасы- нын муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык өзгөртүү Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому |
| 2 | Администра- тивдик кызмат орундары үчүн кызмат орундары боюнча коэффициент- тердин сеткасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Кызматтык маяналарды бирдейлештирүү төмөнкү шарттарды камсыз кылуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык кызмат орундарын градациялоого негизделген: - кызмат орундарынын топторунун (вертикалдык боюнча) ортосундагы кызматтык маянага коэффициенттердин маанилериндеги айырма кызмат орундарынын башкы жана жогорку топторунун ортосундагы 15 пайызды түзгөн айырмачылыктарды кошпогондо 20 пайызды түзөт; - кызматтык маяналардын коэффициенттерин- ин маанилериндеги айырма бир кызмат ордунун деңгээлинде (горизонталдык боюнча) 5 пайызды түзөт; - эмгек акысынын деңгээли төмөн ЖӨБ органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү минималдуу базалык ставканы (МБС) 5,0 миң сом өлчөмүндө белгилөө | 2013-жыл- дын II-III квартал- дары | ЭМЖМ, ФМ, МКК (макулда- шуу боюнча) | Административ- дик кызмат орундары үчүн эмгек акынын коэффициентте- ринин сеткасы иштелип чыкты. Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн токтому |
| 3 | Эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын ишке киргизүү | Эмгек акы төлөө системасынын төмөнкүлөр менен өз ара байланышын камсыз кылуу: - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызмат орундарынын реестринде аныкталган кызмат орундарынын иерархиясы; - кызматчылардын ишинин жыйынтыгы; - он үчүнчү эмгек акыны кызматтык маянага интеграциялоо; | 2013-жыл- дын II-III квартал- дары | МКК (макулда- шуу боюнча), ФМ, ЭМЖМ | Эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын пайдалануу |
| 4 | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын ишке киргизүүгө жооптуу кызматкерле- рин окутуу | Окутуу пландарын жана программаларын түзүү жана аларды төмөнкү жолдор аркылуу аткаруу: - окуу материалдарын даярдоо; - кызыкдар органдардын кызматкерлеринин ичинен машыктыруучу командаларды даярдоо; - жер-жерлерге баруу менен окууларды өткөрүү | 2013-жыл- дын III кварталы | ФМ, ЭМЖМ, ЮМ жана МКК (макулда- шуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын ишке киргизүүгө жооптуу кызматкерлери окутуудан өтүштү |
| 5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы реестрлерин киргизүү | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2013-жыл- дын III кварталы | МКК (макулда- шуу боюнча) | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы реестрлерин пайдалануу |
| 6 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын администра- тивдик кызмат орундарынын топтору үчүн квалификация- лык талаптарды иштеп чыгуу | Административдик кызмат орундарынын топтору үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү | 2013-жыл- дын II-III квартал- дары | МКК (макулда- шуу боюнча) | Административ- дик бош кызмат ордун ээлөөгө сынак өткөрүүдө квалификация- лык талаптарды пайдалануу |
| 7 | Ар бир администра- тивдик кызмат орду үчүн типтүү кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу | Ар бир административдик кызмат орду үчүн кызматтык нускамаларды бекитүүнү караган ведомстволук ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу | 2013-жыл- дын III-IV квартал- дары | МКК (макулда- шуу боюнча), Мамлекет- тик органдар жана ЖӨБ органдары | Ар бир административ- дик кызмат орду үчүн кызматтык нускамалар бекитилди |
| 8 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар- дын эмгегине акы төлөө чөйрөсүндөгү мамилени жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды инвентариза- циялоо | Эмгек акы төлөө чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук системаны өркүндөтүүгө багытталган анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу: - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын айрым категорияларын жана топторун майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо, мөөнөттөн ашык ишке тартуу тартиби жана шарттары, мөөнөттөн ашык ишти компенсациялоо тартиби жөнүндө; - Кыргыз Республикасынын тоолуу шарттарында жана барууга кыйын зоналарында иштеген адамдардын кызматтык маянасына кошумча төлөөлөрдүн коэффициентинин өлчөмдөрүн эмгек акыга кошумча төлөөлөрдүн коэффициентинин болгон өлчөмдөрүн жокко чыгаруу менен белгилөө жөнүндө | 2013-жыл- дын экинчи жарым жылдыгы | ЭМЖМ, ФМ, МКК (макулда- шуу боюнча) | Ченемдик укуктук актылар эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарына ылайык келтирилди |
| 9 | Натыйжалуу- луктун негизги көрсөткүч- төрүн пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар- дын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана колдонуу | Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону колдонуу | 2014-жыл- дын I кварталы | МКК (макулда- шуу боюнча) ФМ, ЭМЖМ | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону |
| 10 | Минималдуу эмгек акынын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес көлөмдө белгтлөө | Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жана кийинки жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелуу өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2014-2020 жылдар | ЭМЖМ, ФМ, МКК (макулда- шуу боюнча) | Минималдуу эмгек акыны өлчөмүн этабы менен жашоо минимумуна чейин келтирүү |
| 11 | Саясий кызмат орундары үчүн кызмат орундары боюнча орток бөлүнүүчү коэффициент- тердин сеткасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Саясий кызмат орундары үчүн кызмат орундары боюнча орток бөлүнүүчү коэффициенттерди белгилөө | 2015-жыл | МФ, ЭМЖМ, МКК (макулда- шуу боюнча) | Саясий кызмат орундары үчүн кызмат орундары боюнча орток бөлүнүүчү коэффициент- тердин сеткасын иштеп чыгуу |
| 12 | Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары боюнча ченемдик укуктук актыларды киргизүүгө жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | Проблемалуу маселелерди аныктоо менен аналитикалык маалыматтарды даярдоо | 2014- 2020-жыл- дар | ФМ, ЭМЖМ, ЮМ, МКК (макулда- шуу боюнча) | Эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
МКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;2013-жылдын 28-июну № 383 2013-жылдын 28-июну № 3832013-жылдын 28-июну № 383 ЭМЖМ - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; 2013-жылдын 28-июну № 3832013-жылдын 28-июну № 383 ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; 2013-жылдын 28-июну № 3832013-жылдын 28-июну № 383 ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; ЖӨБ органдары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; МБС - минималдуу базалык ставка;
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга…Постановление · 28.06.2013 · № 383 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.