# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 541
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94749>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16282/edition/800671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтому (15.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94749

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө жана берүүгө тиешелүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү документтерден «КПҮ» грифи алып салынсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 343 КПҮ токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы № 145 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн токтомдор жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
