# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 токтому"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 532
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16279/edition/470809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 токтому" (30.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94744

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун аталышында, преамбуласында жана 1-пунктунда «Юстиция министрлигинин» деген сөздөр алып салынсын; токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгисин жана фуражкасынын маңдайындагы эмблеманы даярдоого байланышкан чыгымдарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзсүн.»;

- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын фуражкасынын маңдайындагы эмблеманын сүрөттөлүшү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын фуражкасынын маңдайындагы эмблеманын сүрөттөлүшү

Эмблема бийиктиги 35 мм жана туурасы 80 мм өлчөмүндөгү алтын түстөгү металлдан жасалган шумкарды элестетет. Шумкардын төшүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен сүрөттөлүшкө ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн. Эмблема фуражканын маңдайынын так ортосуна фуражканын үстүнкү кырынан эмблеманын үстүнкү кырына чейин 5 мм аралыкта тагылат.».

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгисинин сүрөттөлүшүндө:

аталышындагы жана бүткүл текст боюнча «Юстиция министрлигинин» деген сөздөр алып салынсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «2. Жеңге тагылуучу белги сүйрү формага ээ, бийиктиги 90 мм, туурасы 80 мм. Жеңге тагылуучу белги кара түстөгү тыгыз кездемеден даярдалган. Жеңге тагылуучу белгинин ортосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен сүрөттөлүшкө ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
